ДЕМОБИЛИЗАЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕМОБИЛИЗА́ЦИЯ (де... ж-а лат. mobiliser – кыймылдуу дегенден) – куралдуу күчтөрдү ж-а чарбанын бардык тармактарын согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү. Демобилизация аскер кызматындагыларды куралдуу күчтөрдөн бошотуу, куралдуу күчтөрдүн санын азайтуу, аскер өндүрүшүн кыскартуу, эмгек ж-а финансы фондусун кайра бөлүштүрүү, транспорт, байланыш, илимий уюмдар ж. б. иштерин өзгөртүүнү камтыйт. Демобилизация мамлекеттик жогорку бийликтин чечими м-н жүргүзүлөт.