ДЕМОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОГРА́ФИЯ (гр. demos – эл ж-а ...графия) – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми жөнүндөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыла­нып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-жи­тим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (иммиграция), башка жакка көчүп кетет (эмиграция). Андан тышкары: адам үй­лөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, би­лими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Демография калктын ж-а анын айрым топто­рунун жаӊыланышынын динамикасын Демографиялык процесстерди (калктын табигый кыймыл про­цесстери) талдоо аркылуу айкындайт. Ошондой эле Демография калктын курактык-жыныстык, нике ж-а үй­-бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк саны­нын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Демография илиминин негиздөөчүсү англиялык илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россия­да биринчи Демографиялык эмгек Д. Бернуллиге таан­дык. Демографиялык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары м-н факторлорун белгилүү аймакта ж-а түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Демография төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны м-н түзүлүшү жөнүндө болжолдуу ж-а чыныгы материалдар Демографиялык саясаттын өзө­гүн түзөт. Демографияда калк жөнүндө маалыматты топтоп, аны тандап ж-а өзгөчө бөлүмдү (демографиялык ста­тистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негиз­ги орунга ээ. Демографиялык процесстердин байланышы жөнүндө сандык мүнөздөмөлөр математикалык түрдүү ык­малар м-н жүзөгө ашат. Ошондой эле графиктик ык­малар кеӊири колдонулат. Ал эми Демографиялык про­цесстер м-н айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картографиялык изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары Демография калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйын­тыгы м-н ыкмаларын да колдонот. Мисалы, Демографиялык процесстердин социалдык мүнөздөгү аспектилери Демографиянын социология, антропология ж-а медицина, гео­графия м-н тыгыз байланышта экендигин ай­гинелейт. Калктын отурукташуусу, миграция­сы ж. б. Демографиялык процесстер Демографияны калк география­сы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймак­тарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк география­сы м-н Демографиянын айкалышынан пайда болуп, гео­демографиялык абалды илимий изилдөөгө арналган жаӊы илимий багыт) м-н байланыштырат.

Т. Ниязов.