ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ»
ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ» – калктын санынын мезгил-мезгили м-н кескин көбөйүүсү. Ал социалдык-экономикалык абалдын жакшыруусуна ж. б. себептерге байланыштуу. Дүйнөнүн калкынын саны 19-кылымдын башталышында бир нече жүз млнду гана түзгөн. 1830-жылы 1 млрдга жеткен. 18–19-кылымдарда абал кескин өзгөрүп, калктын саны ылдам өсө баштаган. 1930-жылы 2 млрддан ашып, 1987-жылы 5 млрдды түзгөн. 1960-жылы өсүү темпинин төмөндөгөнүнө (2ден 1,65%ке чейин) карабай, бүгүнкү күндө дүйнө калкы жылына 80 млнго өсүүдө, 21-кылымдын аягында өсүш 90 млнго жетиши күтүлүүдө. 20-кылымдын 50–60-жылдарында Азиянын, Африканын ж-а Латын Америкасынын өнүгүп жаткан өлкөлөрүндө төрөлүүнүн жогорку темпи (калктын жылдык орточо өсүү темпи 2,2–2,8%) сакталып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүм-житиминин) төмөндөшүнө байланыштуу калктын саны кескин көбөйгөн. Ал өлкөлөрдө дүйнөнүн калкынын 50%тен ашыгы жашагандыктан, алардын калкынын өсүү темпи жер шарындагы калктын санынын өсүүсүнө зор таасирин тийгизип, дүйнөлүк Дүйнөлүк "жарылууга" алып келген; ал эми ал өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөр глобалдык мүнөзгө өткөн. Ал эми Батыш Европа, Түндүк Америка, ошондой эле мурдагы СССР аймагында калктын санынын өсүүсү салыштырмалуу төмөн (орто эсеп м-н 0,2–0,8%) болгон. БУУнун маалыматы боюнча калктын саны 20-кылымдын аягында 6 млрддан ашып, 2090-жылы (2095-жылы) 10,2 млрдга (12 млрд) жетип, туруктуу өсүү темпине ээ болушу мүмкүн. Мындай темптеги көбөйүү жер шарынын айрым аймактарында табигый экосистемаларга чоӊ басым келтирип, жашоону камсыз кылуучу жаратылыш системаларын бузууга алып келиши ыктымал; тамак-аш каатчылыгы пайда болот. Азыркы учурда БУУнун маалыматы боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 515 млн адам дайыма ачкачылыкта жашоодо. Ошондуктан азык-түлүк каатчылыгын глобалдык деӊгээлде чечүү үчүн демографиялык, экологиялык, энергетикалык ж. б. факторлорго байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдөгү акыркы 200 жыл ичиндеги төрөлүүнү ж-а өлүм-житимди талдоонун негизинде «жөнөкөй» туруктуулуктун (төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин жогору болушу) «азыркы» туруктуулукка (төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин төмөн болушу) өтүүсүн даана байкоого болот. Бул демографиялык өткөөл 4 фазаны камтыйт: 1. Медицина начар өнүккөн абалда: төрөлүү деӊгээли жогору, балдардын өлүмү да жогору; мында калктын саны жай өсөт. 2. Коомчулук оору-сыркоону жөнгө салууну үйрөнөт. Төрөлүү мурдагы калыбында калып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүмүнүн) кыскарышы калктын тез өсүп кетүүсүнө шарт түзгөн. 3. Социалдык ж-а экономикалык өзгөрүүлөр (материалдык өндүрүштүн өнүгүүсү, калктын турмуш-тиричилигинин жакшырышы, саламаттыкты сактоо деӊгээлинин өнүгүүсү) төрөлүүнүн төмөндөшүнө алып келет. Бул фазанын аягында калктын саны кайра турукташат, анткени балдардын өлүм-житиминин азайышы төмөнкү төрөлүүнү толуктап турат. 4. Калктын санынын жаӊы туруктуулугу төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин азайышынан түзүлөт.