ДЕМОДЕКОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОДЕКО́З (Demodekoses) – малдын Demodex уруусун­дагы кенелер козгоочу ылаӊы. Бул кенелер түрдүү жаныбардын кылы, жүнү, түгү өсүүчү дүмүрчө­сүндө ж-а май бездеринде мителик кылат. Ылаӊдаган жаныбардын териси сезгенет, катмарла­нат, тез арыктайт. Ылаӊ өзгөчө ит, бодо мал ж-а чочкодо оор өтөт. Жаныбарды түрүнө жа­раша ар түрдүү кенелер ылаӊдатат. Бул кене­лердин дене түзүлүшү ж-а өөрчүү циклдери не­гизинен окшош. Соо мал ылаӊдуулар м-н чогуу багылганда жугат. Өзгөчө ыплас короо-сарайда багылып, жем-чөбү сапатсыз болуп, жетишсиз болгондо, жаш мал ылаӊга тез чалдыгат. Ылаӊдаган малдын баш, моюн, далы, төш ж-а бут­тарынын ар кайсы жеринде чоӊдугу 2–10 ммге жеткен, колго урунган дөмпөктөр пайда болот. Дөмпөктөрдүн кылда чокусунда тешиги болуп, андан сары суу чыгып турат, сыкканда агыш түстөгү коюу суюктук чыгат. Дарылоо комплекс­түү түрдө жүгүзүлөт. Ылаӊга чалдыккан жер­лерин «Акродекс», «Дерматозоль», «Росинка», «Циодрин», «Псороптол» аэрозоль дары-дарме­ги м-н 4–6 жолу дарылайт. Кабылдап кеткен­де, терисинин астына ивомек куюлат, жаралан­ган жерлерине күкүрт м-н дёготтун (кара май) вазелиндеги аралашмасын сүйкөйт, жемге ко­шулуп күкүрт берилет. Ылаӊды алдын алуу үчүн ветеринардык-санитардык иш-чараларды туура сактап, соо мал­га ылаӊдууларды жолотпоо зарыл.

Д. Раимбеков.