ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЦЕНТРАЛИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЦЕНТРАЛИ́ЗМ – партиялардын коомдук-саясий ишмердигиндеги, мамлекеттик бийликти ишке ашыруудагы жетекчи негиздеринин бири – башкаруунун борбордоштурулуп уюшулушу. Анда жетекчи органдардын төмөнтөн жогору шайланышы, алардын өз партиялык уюмдарына ж-а жогорку органдарга мезгил-мезгили м-н отчёт берүүсү, азчылыктын уюмдашкан көпчүлүккө баш ийүүсү, жогорку органдардын чечимдеринин төмөнкүлөр үчүн аткарууга сөзсүз милдеттүүлүгү; булардын баары коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын уюмдашуу негиздери, ошондой эле, тоталитардык мамлекеттердин саясий түзүлүшү болуп келген.