ДЕМОС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕ́МОС (грекче demos – эл) – кеӊири маанисинде Байыркы Грекиядагы толук жарандык укукка ээ эркин эл (метек, периэк, кулдар жана башка калктын укуксуз катмарларынан айырмаланат). Гомердик (биздин заманга чейинки XI–IX кылымдар) жана архаикалык (биздин заманга чейинки VIII–VI кылымдар) доордо грек ак сөөктөрүнүн евпатриддерден айырмаланган жөнөкөй эл массасы. Биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда кыштак эли, ошондой эле шаар калкынын бир бөлүгү (кол өнөрчүлөр, соодагерлер), ал эми биздин заманга чейинки V кылымдын аягы – IV кылымда нукура кедейлер (көбүнчө шаардыктар) Демос деп аталган.