ДЕМПИНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́МПИНГ (англ. dumring – арзандатуу, түшү­рүү) – атаандашты сүрүп чыгаруу‚ рынокту ээлөө максатында жасалма төмөндөтүлгөн баа боюнча товарларды экспорттоо‚ кара ниет атаандаштык­тын бир түрү. Демпинг товардын сапатын жакшыртуу м-н өндүрүш чыгымдарын төмөндөтүүгө негиздел­ген чыныгы атаандаштыкка каршы келет. Эгер төмөнкү баа өндүрүштүн чыгымын азайтууга‚ алдыӊкы техника м-н технологияны пайдала­нууга негизделсе‚ ал Демпинг болуп эсептелбейт. Көп өлкөлөрдүн мыйзамдарында‚ ошондой эле Европа сою­зунун (ЕC) документтеринде Демпингге каршы чаралар‚ анын ичинде Демпингге каршы бажы салыгы каралган.