ДЕМЯНЧУК
ДЕМЯ́НЧУК Григорий Степанович (1918, азыркы Жайыл району, Сосновка айылы – 1970, Бишкек) – мамлекеттик ж-а партиялык ишмер. КАЧИни (1939), КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти (1958) бүткөн. 1939–48-жылдарда Ысык-Көл облустук ветеринария башкармалыгында начальник, 1948– 54-жылдарда Кара-Буура (мурдагы Киров) районундагы «Жоон-Дөбө» совхозунда башкы ветеринардык врач, деректир, 1954–56-жылдарда Кыргызстан КП БКда айыл чарба бөлүм башчысынын, 1958–59-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1959-жылдан 1-орун басары, 1960–69-жылдарда Кыргыз ССР айыл чарба министрлигинде, 1969–70-жылдарда Кыргыз ССР элдик көзөмөл комитетинде жооптуу кызматтарда эмгектенген. Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.