ДЕНДРОЛОГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕНДРОЛО́ГИЯ (дендро... ж-а ...логия) – ботаниканын дарак, бадал изилдөөчү бөлүгү. Дарак өсүмдүктөрүнүн системасын, морфологиясын, биологиялык касиеттерин, таралышын ж-а эл чарбасында пайдаланышын талдайт. Дендрологиянын дарак породаларынын касиети жөнүндөгү маалыматтары токой таануу, токой өстүрүүнүн теориясы м-н практикасында, айыл чарбасында, айрыкча талаа коргогуч токой тилкелерин түзүүдө кеңири колдонулат. Ошонддой эле тал, терек, эмен, жаңгак, кызыл карагай ж.б. жаңы түрлөрү чыгарылып, алар мурда өспөгөн жаңы жерлерге өстүрүлөт.