ДЕФЕКТОСКОПИЯ
ДЕФЕКТОСКОПИ́Я (лат. defectuc – кемчилик ж-а ...скопия) – ар кандай материал, иштелип чыккан буюм, тетикти бүлдүрбөй (сындырбай) туруп текшерүү ыкмаларынын жалпы аты. Материалдын ички түзүлүшүндөгү кемчиликти байкоо, химиялык курамынын өзгөрүшүн аныктоо ж. б. максаттар үчүн пайдаланылат. Дефектоскопия өндүрүштүн ар кайсы тармагында колдонулуп, материал, буюм, тетик даярдоо технологиясын ж-а алардын сапатын жакшыртууга, иштөө мөөнөтүн узартууга, кырсыкка жол бербөөгө көмөкчү болот. Дефектоскопиянын ыкмалары материалдарга таасир эткенде алардын физикалык касиеттеринин өзгөрүшүнө негизделген. Дефектоскопиянын оптикалык, радиациялык, радиотолкундук, жылуулук, магниттик, акустикалык, куюндуу токтук, электрдик, капиллярдык сыяктуу түрлөрү бар.
Ад.: Шрайбер Д. С. Ультразвуковая дефектоскопия. М., 1965; Дорофеев А. Л. Электроиндукционная (индукционная) дефектоскопия. М., 1967; Румянцев С. В. Радиационная дефектоскопия. 2-е изд. М., 1974.