ДЕФИНИЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФИНИ́ЦИЯ , а н ы к т а м а (лат. definītio – түшүндүрүү, аныктоо) – окуп-үйрөнүлүүчү объек­тинин башкалардан айырмаланган орчундуу ка­сиеттерин мүнөздөөгө мүмкүндүк берүүчү логи­калык жыйынтык. Объектти окуп-үйрөнүүнүн натыйжасы тиешелүү түшүнүктөрдө чагылды­рылгандыктан, Дефиницияны анын мазмунунун ачык ж-а кыска баяндалышы катары кароого болот. Дефиниция – белгилүү бир логикалык талаптарга, эре­желерге жооп берүүчү сүйлөм же сүйлөмдөрдүн жыйындысы. Дефиниция берилип жаткан түшүнүк анык­талуучу, ал эми аны аныктап турган сөздөр аныктоочу деп аталат. Дефиниция билимдин эӊ маанилүү элементтеринин бири болуп эсептелген илимий түшү­нүктөрдү окуп-үйрөнүүдө маанилүү роль ойнойт, к. Аныктама.