ДЕФИЦИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФИЦИ́Т (лат. dēficit – жетишпейт)‚ т а ӊ с ы к т ы к – 1) өндүрүш факторлорун‚ керектөө предметтерин теӊдөө үчүн зарыл болгон акча‚ товар же кызмат көрсөтүүнүн жетишсиздиги; 2) чыгымдардын кирешелерден‚ карыздардын активдерден ашып кетүүсү. Дефицит экономикада – бул анын теӊдешсиздигинин жалпы көрүнүшү. Ал товардык формада сунуштан суроо-талап­тын дайым ашып кетүүсү м-н шартталышы мүмкүн. Рынок экономикасында Дефицит өндүрүштүн тиешелүү бөлүмүнө инвестициянын келишине же башка рыноктордо баасы арзан товарлардын агып киришине түрткү берүүчү таӊсык товарлар­дын баасынын убактылуу кымбатташы м-н мүнөздөлөт. Cунуштун көбөйүшү ж-а суроо-та­лаптын канааттандырылышы м-н товар Дефицити жоюлат. Экономикада Дефицит түрүнө бюджет тар­тыштыгы – мамлекеттик чыгымдардын кирешелер­ден ашып кетүүсү кирет. Товарлардын ж-а кыз­мат көрсөтүүнүн импортунун аны экспорттоо­дон ашып кетүүсү экономикалык өнүгүүнүн убак­тылуу тездешине өбөлгө болот. Бирок бардык эле деӊгээлдеги узакка созулган Дефицит рыноктук теӊ салмактуулукту бузат‚ ишканаларды‚ муници­палитеттерди‚ борбордук өкмөттү ж-а бүтүндөй өл­көнү карызга дуушарлантат. Акча-финансы чөйрөсүнүн туруксузданышы жалпы экономика кри­зис коркунучун күчөтөт. Биздин өлкөдө экономикалык реформа‚ финансы системасын чыӊдоо‚ сомду бекемдөө жолу м-н Дефицитти жеӊүүгө болот.