ДЕФОРМАЦИЯ (көркөм ыкма)
ДЕФОРМА́ЦИЯ – 1) көркөм сүрөт өнөрүндө – көзгө көрүнгөн образдын табигый турпатынан четтөөсү. Ар кандай түр өзгөртүү, көзгө көрүнгөн турпатты кайра түзүү – ар кандай мезгилдеги элдердин көркөм өнөрүндө кезигет. Алар көз менен көрүп кабылдоо өзгөчөлүктөрүнө, техника менен стилге, ошондой эле канон талаптарына, сүрөтчүнүн жеке көрө билүү туюмуна жана алдына койгон милдеттеринин чечилиш өзгөчөлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. XIX кылымдын аягынан баштап Европа көркөм өнөрүндө Деформация социалдык жана кесиптик чөйрөдөгү ой жүгүртүү менен сүрөткердин көз карашына шартталган, аӊ-сезимдүү түрдө ырааттуу колдонулган көркөм ыкма болуп калды. Фовисттер, кубисттер, экспрессионисттер, сюрреалисттер живописиндеги Деформация мына ушундай. Мындан сырткары, Деформация оптикалык жөндөө катары пластикалык көркөм өнөрдө колдонулат. Мында табигый түрдү кадимки көз менен көрүп кабылдоодо жаӊылыш бузулуп-бурмаланган көрүнүштөр «оӊдолот»; 2) табигый кырсык, сырткы жагымсыз шарттардын же зыяндуу, билбестик менен жасалган таасирлердин негизинде көркөм чыгарманын жарым-жартылай, толук эмес бузулушу.