ДЕШТЕ-КЕВИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́ШТЕ-КЕВИ́Р – Иран тайпак тоосунун түн­дүгүндөгү чөл. Иранда. Узундугу 500 кмдей, туурасы 250 кмге чейин. Таманы такыр, шор басып, как­шып бараткан саз ээлеген бир нече жазы өрөөн­дөрдөн (абсолюттук бийиктиги 600–800 м) турат. Жаан­чыл мезгилде ылайланган көлчүктөргө айланат. Саз балчыктарынын курамында 22%ке чейин туз болот. Ошондуктан бул чөл Чоӊ-Туз чөлү деп да аталат. Кумдуу чөлдөр бар. Чет жака­сында оазистер сейрек кездешет.