ДЕШТЕ-ЛУТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕШТЕ-ЛУТ – Иран тайпак тоосунун борбордук бөлүгүндөгү чөл. Ирандын чыгышында. Узундугу 550 км, туурасы 100–200 км. Туташ тоолор (бийиктиги 1000–2000 м) м-н бөлүнгөн бир нече жазы өрөөндөн турат. Чополуу ж-а шагылдуу чөл, шор жерлер, такырлар мүнөздүү. Чет жакасында оазистер сейрек кездешет.