ДЕӉГЕНЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕӉГЕНЕ – бир нече адам бычылган баасына жандык алып, чогуу тамактануу жөрөлгөсү. Жамааттык мамилелер өкүм сүрүп турганда пайда болсо керек. Деңгенеге эркектер гана катышып, шарт боюнча ортого кой, эчки, торпок чыгарып союп жешкен. Деңгененин катышуучулары малдын баасын теӊ төлөп беришкен. Кийинчерээк, союлган этти бирдей өлчөмдө бөлүп алышкан.