ДЕӉИЗ
ДЕӉИЗ – Дүйнөлүк океандын аралдардын тизмеги же суу астындагы көтөрүӊкү рельеф аркылуу бөлүнүп, океан мейкиндигинен негизинен гидрологиялык, метеорологиялык ж-а климаттык режимдери м-н айырмаланган бөлүгү. Деңиздердин мындай өзгөчөлүктөрү алардын океандардын чет-жакаларында жайгашуусу (мында кургактык кый-



ла таасирин тийгизет) ж-а алардын океан мейкиндиктери м-н байланышынын чектелиши (суу алмашуу жай жүрөт) м-н байланыштуу; башкача айтканда Деңиз кургактык м-н канчалык курчалса, ошончолук океандан айырмаланып турат. Кээде океандын ачык мейкиндиктери да шарттуу Деңиз деп аталат, мисалы, Атлантика океанындагы Саргасс деӊизи (ал калкыма балырлардын көптүгү м-н өзгөчөлөнөт), Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү Филиппин Деңизи. Айрым туюк көлдөр (мисалы, Каспий, Арал, Жансыз Деңиздер) да Деңиз делет. Деңиздердей зор аянтты ээлеген, режими боюнча Деңизден айырмасы жок океандын кээ бир бөлүктөрү булуӊ деп аталат (мисалы, Мексика, Гудзон, Бенгал, Гвинея ж. б. булуӊдар). Жайгашуу абалына ж-а гидрологиялык режиминин өзгөчөлүктөрүнө жараша ички (Кара, Балтика), четки (Баренц, Лаптевдер, Беллинсгаузен), аралдар (Ява, Банда, Сулавеси) ж-а материктер арасындагы (Жер ортолук, Кызыл) болуп бөлүнөт. Геологиялык жактан азыркы түзүлүшүнө жакын палеоген-неогенде, азыркы турпатында антропогенде биротоло калыптанган. Эӊ тереӊ Деңиздер (мисалы, Жер ортолук деӊиз) жер кыртышынын ири жаракалаларынын ордунда пайда болгон. Тайыз Деңиздер адатта материктик тайыздыктарда жайгашып (к. Шельф), материктердин чет-жакаларынын төмөн чөгүп, океан суусу каптап калышынан же океан деӊгээлинин көтөрүлүшүнөн пайда болот. Геогр. абалына жараша айрым Деңиздер океандын ачык бөлүгүнө караганда түбүнөн бетине чейин жылуу болот (мисалы, Кызыл деӊиз), ал эми кээ бири тескерисинче, муздак болот (мисалы, Охота деӊизи). Кургактык аркылуу бөлүнүп жатышына жараша Деңиздерде континенттик түрдүү климат өкүм сүрөт. Дүйнөлүк океандын туздуулугунун эӊ жогорку (Кызыл деӊизде – 41,5‰) ж-а эӊ төмөнкү (Балтика деӊизинде 6,0–8,0‰) көрсөткүчтөрү да Деңиздерде. Деңиздин үстүндө циклон шамалдарынын үстөмдүгүнөн улам циклондук агымдар басымдуулук кылат. Океандарга салыштырмалуу Деңиздин органикалык дүйнөсү көп түрдүүлүгү ж-а эндемиктердин арбындыгы м-н өзгөчөлөнөт.
Ө. Бараталиев.