ДЕӉИЗ ЖЫЛДЫЗДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ЖЫЛДЫЗДАРЫ (Acteroidea) – омурт­касыз деӊиз жаныбарларынын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Денеси 5, кээде көп (50гө че­йин) нурчалуу жылдыз түспөлдөнүп кетет. Диаметри

1 смден 1 м­ге чейин. Көпчүлү­гү ачык түстө. Ске­лет пластинкала­ры ийнелүү, кыл­кандуу, тикенек­түү. Денесинин ке­тилген, жоголгон жерлерин оӊой ка­лыбына келтирет. Деңиз жылдыздарынын 8 түркүмүнүн 1,5 миӊден ашык түрү белгилүү. Деӊиз, океандар­дын 10 кмге чейинки тереӊдиктеги түбүндө кезде­шет. Айрым жыныстуу. Личинкалары эркин сүзөт, көбү жумуртка, кай бирлери тирүүлөй тууйт. Моллюскалар ж-а суу түбүндөгү омурт­касыз жандыктар, балыктар м-н азыктанат. Бутчаларынын жардамы м-н жылат. Көбүрөөк белгилүүлөр – кычкачтуу, тарактуу, эбелектүү ж. б. деңиз жылдыздары.