ДЕӉИЗ КЛИМАТЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕӉИЗ КЛИМАТЫ , о к е а н к л и м а т ы – океан, деӊиздердин атмосферага тийгизген таасиринен пайда болгон климат. Ачык океандарга, аралдарга ж-а мелүүн алкактардагы материктердин батыш жактарына мүнөздүү. Материктерге ичкерилеген сайын ал континенттик климатка өтөт. Деңиз климатында абанын температурасы жыл бою, сутка ичинде акырындык м-н аз өзгөрөт. Жайында абанын нымдуулугу көбөйөт. Жаан-чачын арбын болуп, шамал дайыма деӊизден согот. Атмосфералык циркуляциясы батыштан чыгышка багытталгандыктан, жумшак Деңиз климаты көбүнчө материктин батыш жээктерине мүнөздүү. Ысык- Көл кылаасындагы климат Деңиз климатына жакын.