ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ (Cheloniidae) – таш бакалардын түркүмү. Жумурткалоо үчүн гана деӊиз жээгине чыгып, калган мезгилде бүт суу­да жашоочу ири жаныбар. Калканы анча би­йик эмес келип, сүзүүгө ылайыкталган. Кыска мойнундагы башы чопкуттун алдына толук жа­шырылбайт. Буттары калак сымал, алдыӊкы­лары арткысынан узун. Алардын белгилүү 4 уруусунун бирден түрү бар. Ж а ш ы л т а ш б а к а – эӊ чоӊ, калканынын узундугу 1,4 м, салмагы 400 кгга жетет. Эти даамдуу, жумурткасы та­мак катары пайдаланылат. Деңиз таш бакалары суу тереӊди­гинде жакшы сүзөт, чумкуйт, азык ж-а көбөйүү үчүн ыӊгайлуу жай издеп, 2000 кмге чейин сүзүп барат. Алар 200гө чейин жумуртка тууйт. Деӊиз балырлары, моллюскалар, балыктар, рак сыяктуулар ж. б. м-н азыктанат. Саны азаюу­да. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.