ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ – кокусунан болуп ту­руучу күчтөрдүн (абанын басымы, шамал, жа­нар тоолордун атылышы, суу астындагы жер титирөө, деӊиз кемелеринин жүрүшү) же Күн ж-а Айдын суу ташкынын пайда кылуучу тар­туу күчүнүн таасири м-н океан, деӊиздердеги суу­нун термелүү кыймылы. Толкундар суу бетинде биринин артынан бири төө өркөч болуп кый­мылдайт. Толкундун эӊ төмөнкү бөлүгү негиз­ги, эӊ жогорку чекити, кыры, кырынан негизи­не чейинки аралык анын бийиктиги, эки тол­кундун ортосу узундугу, ал эми толкундун узун­дугуна барабар аралыкты өтүүгө кеткен убакыт анын мезгили, белгилүү убакыт бирдигинде (сек) өткөн аралык толкундун ылдамдыгы деп аталат. Деңиз толкундарынын көлөмү ар түрдүү: кээде анын бийиктиги 13–15 м, деӊиз титирегенде 50 м, таралыш ыл­дамдыгы 14–15 м/секга, узундугу 400 мге чейин же­тет. Таасир эткен күчтөргө карата толкундар ша­мал, ташкын, сейсмдик, басымдык Деңиз толкундары; ээле­ген абалына карай үстүнкү ж-а тереӊдиктеги Деңиз толкундары; толкун узундугунун деӊиздин тереӊдиги­не болгон катышы боюнча узун ж-а кыска Деңиз толкундары; таасир эткен салыштырма күчтөргө жараша ар­гасыз ж-а эркин Деңиз толкундарына бөлүнөт. Формасы ж-а аянты боюнча туура ж-а туура эмес, умтулган ж-а ордунда турган Деңиз толкундары болот. Толкундарды изил­дөө атайы куралдардын, приборлордун (море­граф ж. б.) жардамы м-н кемеде, деӊиз жээкте­ринде жүргүзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө толкун­дардын кубатына негизделген электр станция­лары курулган. Дүйнөдө сейши, цунами өӊдүү күчтүү толкундар болот.