ДЖЕНЧУРАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЖЕНЧУРАЕВА (Жеенчороева) Александра Ва­сильевна (14. 09. 1944-жылы туулган, Россия, Полтава облусу, Лехвиц району, Пески кыштагы) – геолог, геология - минералогия илимдеринин доктору (1995), профессор (2001). Саратов мамлекеттик университетин бүтүргөн (1966). 1966-жыл­дан Кыргыз ССР геология башкармалыгынын геологиялык-экономикалык изилдөөлөр боюнча Кыргыз методикалык экс­педициясында улук техник, геолог, отряддын ж-а партиянын начальниги болуп иштеген. Ал – 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография­нын автору. Илимий иштери негизинен Кыргызстандын стратиграфиясы м-н палеонтологиясына ар­налган.

Эмг.: Стратиграфия и фораминиферы средне-ка­менноугольных отложений северных склонов Тур­кестано-Алая. Ф., 1979.