ДЖИБУТИ (мамлекет)
ДЖИБУ́ТИ (Djibouti), Д ж и б у т и Р е с п у б л и к а с ы (Ptpublique de Djibouti) – Африканын түндүк-чыгышындагы өлкө. Түндүгүнөн Эритерия, түштүк-чыгышынан Сомали, түштүгүнөн ж-а батышынан Эфиопия м-н чектешет. Чыгы-

шынан Кызыл деӊиздин Аден булуӊу чулгап жатат (жээк сызыгынын узундугу 314 км). Аянты 23,2 миӊ км2. Калкы 1,1 млн (2023). Борбору – Джибути шаары. Расмий тили – араб ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – джибути франкы. Административдик аймактык жактан 5 округга бөлүнөт (к. таблицаны).
Джибути – БУУнун (1977), Африка биримдиги уюмунун (1977), Африка союзунун (2002), Блокторго кошулбаган өлкөлөр кыймылынын, Араб өлкөлөрү лигасынын (1977), Ислам конференциясы уюмунун (1994), Чыгыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Европа биримдигинин ассоциациялык мүчөсү.Мамлекеттик түзүлүшү. Джибути – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Конституциясы 1992-жылы кабыл алынган. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук жыйын. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Прогресс үчүн элдик биримдик партиясы (ПЭБ), Демократиялык жаӊылануу партиясы, Улуттук-демократиялык партия, Биримдик ж-а демократияны калыбына келтирүү үчүн фронту.Табияты. Аден булуӊунун жээгине абразия-аккумуляциялык түздүктөр мүнөздүү, айрым жерлери коралл рифтери м-н чектелген. Тажура булуӊунун түндүк ж-а түштүк жээктери абразия-аккумуляциялык, көбүнчө бийик, жарлуу, айрым жерлеринде кууш пляждары, сайроондор бар. Рельефине бийиктиги 2021 мге жеткен (Муса-Али чокусу, өлкөнүн эӊ бийик жери) жапыз ж-а орто бийик жанар тоо массивдеринин, жапыз лава платолорунун айкалышып жатышы мүнөздүү. Тажура булуӊунан батышта Африка материгинин эӊ чуӊкур жери – Афар ойдуӊу жайгашкан, андагы Асаль көлүнүн бети деӊиз деӊгээлинен 153 м төмөн. Өлкөнүн борбордук ж-а түштүк-батыш бөлүктөрүндөгү аккумуляциялык-денудациялык ж-а аккумуляциялык түздүктөрдүн борбордук чуӊкурчактарын туздуу көлдөр ж-а шор жерлер ээлейт.Джибутинин аймагы Чыгыш Африка рифт системасындагы Афар ойдуӊунда жайгашкан. Жер титирөө тез-тез болуп турат; катуу жер титирөөлөр 1969-, 1988-, 1994-ж. болгон. Аракеттеги жанар тоолор бар (Ардукоба жанар тоосу акыркы жолу 1978-жылы атылган). Кен байлыктары: сал тузу (Асаль көлүндө), гипс, курулуш материалдары. Терм сууларынын булактары бар. Климаты тропиктик, кургакчыл. Январдын орточо температурасы 25°С, июлдуку 35°С. Жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 50 ммден (Асаль көлүнүн
жээгинде) 300 ммге чейин (Тажура булуӊунун түндүк тарабындагы тоо капталдарында). Джибутинин аймагы кургак сайлар (уэддер) м-н жыш тилмеленген, туруктуу аккан дарыясы жок. Эфиопия м-н чектешкен жерде өлкөдөгү жалгыз тузсуз көл – Аббе жайгашкан.
Кылкан-бадалдуу жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу, ага суйдаӊ чөп өсүмдүктөрү ж-а сейрек өскөн жапыз акациялар мүнөздүү. Шор жерлерде споробол, сведа үстөмдүк кылган галофит өсүмдүктөрү өсөт. Дай улуттук паркында (аянты 10 миӊ га) арчалуу сейрек токой массиви корголот. Аден булуӊун жээктей мангр токою өсөт. Калкы. Джибутинин негизги калкы – куштар (89,5%), анын 48,3%ин афарлар, 41,2%ин сомалилер түзөт. Ошондой эле арабдар (7,5%), француздар (2,3%), амхаралар (0,4%), гректер (0,2%), индия-пакистандыктар ж. б. жашайт. Калкынын табигый
өсүшү 2%; 1000 кишинин ичинен төрөлгөндөрү 35,5, өлгөндөрү 19,3 (2006). Фертилдүүлүктүн эӊ жогорку көрсөткүчүнө (ар бир аялга 5,3 бала туура келет) байланыштуу жаш балдардын өлүмү өтө жогору (1000 адамга 102 бала). Калктын курактык структурасы: 14 жашка чейинкилер – 43,4%, 15–64 жаштагылар – 53,3%, 65тен ашкандар – 3,3%. Калктын орточо курагы 18,2 жаш.
Өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 43,2 жаш (эркектердики – 41,9, аялдардыкы – 44,5 жаш). 105 эркекке 100 аял туура келет. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 34 адам. Өлкөнүн калкынын 81% Джибути шаарында (642,8 миӊ; 2007) жашайт; башка ири шаарлары: Али-Сабих (калкы 41,3 миӊ), Тажура (22,9 миӊ), Обок (18,3). Экономикалык активдүү калкы 282 миӊ.
Тарыхы. Джибутинин түндүгүн б. з. ч. 3-кылымда Арабиядан келген байыркы афар уруулары ээлешкен. Биздин эранын башында афарларды сомалилик исса уруулары сүрүп чыгарат. 825-жылдан ислам дини таркай баштаган. Андан кийин Джибутинин 19-кылымдын ортосуна чейинки тарыхы Сомали жарым аралынын калган бөлүктөрүнүн тарыхы м-н байланыштуу (к. Сомали Республикасы). 1862-жылы француздар Обок портун сатып алган. 1888-жылы Француз Сомалисинин бир бөлүгү катары басып алынып, 1896-жылдан Франциянын колониясына айланган ж-а Джибути шаары анын борбору болуп калган. 1897-жылы Эфиопия м-н Франциянын ортосундагы келишим боюнча темир жол куруу маселеси чечилип, 1917-жылы Джибути м-н Аддис-Абебаны байланыштырган жол курулуп бүткөн. 1946-жылы Джибутиге Франциянын «Алыскы деӊиз аймагы» статусу ыйгарылган. 1960-жылдардын аягында Сомали Республикасынын колдоосу м-н исса улутчулдары негизинен афарлардан ж-а француздардан турган өкмөткө каршы партизандык согушту башташкан. 1967-жылы июндан Франциянын Афарлар ж-а Иссалар аймагы деп аталып, өз алдынча башкаруу укугуна ээ болгон. 1977-жылы 27-июнда өлкө көз каранды эместикке жетишип, Джибути республикасы деп аталды. Өлкөнүн биринчи президенти болуп Хасан Гулед Аптидон шайланды. 1981-жылы ал экинчи жолу шайланып, ошол эле жылы өлкөдө бир партиялык система киргизилген. 1993-жылы ал 6 жылдык мөөнөткө төртүнчү ирет президенттикке шайланган. 1991-жылдан өлкөдө оппозициялык партия – Биримдик ж-а демократияны калыбына келтирүү үчүн фронтунун (БДККФ) таасири жогорулады. 1993-жылдагы шайлоодон кийин өлкөдө өкмөттүк аскерлер м-н БДККФтин ортосунда куралдуу кагылышуулар башталды. 1996-жылы каршылаштар ортосунда тынчтык жарашуу келишимине кол коюлуп, 1997-жылы парламенттик шайлоодо БДККФ м-н Прогресс үчүн элдик биримдик партиясы жеӊишке жетишти. 1999-жылы президенттик шайлоодо ПЭБдин өкүлү Омар Гуллех жеӊип чыкты.
Чарбасы. Джибути – экономикасы динамикалуу өнүккөн

өлкө. Экономикасы Джибути портунун, эл аралык аэропорттун, Джибути – Аддис -Абеба темир жолунун иштөөсүнө, эмгек мигранттарынан түшкөн акчага байланыштуу; жалпысынан соода-сатыкка ж-а аны тейлөөгө багытталган. Экономикасына сырткы жардамдар ж-а чет өлкөлүк капитал кеӊири тартылат. Финансы сектору джибути франкынын (АКШ долларына байланыштырылган) эркин алмашуусуна шарт түзгөн. Чет өлкөлүк аскер бөлүкчөлөрүнөн (Франция, АКШ, Германия аскер деӊиз флотторунун базаларынан) түшкөн кирешенин да мааниси зор. ИДПнин өлчөмү 1,6 млрд доллар (сатып алуусуна жараша; 2005); аны киши башына бөлүштүргөндө 2000 доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүмү 3,2% (2005). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 81%, өнөр жайыныкы 16%, айыл чарбасыныкы 3%.
Өнөр жайы начар өнүккөн; өнөр жайлуу негизги борбору – Джибути шаары. Айыл чарба сырьёсун ж-а деӊиз продуктуларын кайра иштетүүчү, тамак-аш (сүт, ун, кондитердик азыктарды, минералдуу суу чыгаруучу заводдор), текстиль, булгаары, кагаз, фармацевтика боюнча чакан өнөр жай ишканалары басымдуу. Джибути портунда нефтини кайра иштетүүчү ж-а сактоочу, курулуш материалдарын, деӊиз тузун чыгаруучу заводдор, механикалык ж-а тигүү устаканалары иштейт. Өндүрүлгөн электр энер-

гиясы (240 млн кВт · с; 6 ЖЭС иштейт) өлкөнүн ички муктаждыгын (223,2 млн кВт · с; 2003) толук камсыз кылат. Асаль көлү ченде геотермалдык станциясы курулууда (2007).
Айыл ж-а балык чарбалары калктын азык-түлүккө болгон муктаждыгын 10%ке чейин гана канааттандырат. Айдоо жери жокко эсе. Айыл чарбасынын негизги багыты – көчмөн ж-а жартылай көчмөн мал (эчки, кой, төө, уй, эшек) чарбасы. Негизинен жашылча, бакча, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Балык ж-а бермет, коралл, деӊиз былпылдагын уулоо өнүккөн.
Джибути – Адис-Абеба темир жолу иштейт (Джибути жак бөлүгүнө Эфиопия м-н кошо ээлик кылат;
узундугу 106 км). Автомобиль жолунун узундугу 2,9 миӊ км. Жүктүн негизги бөлүгү Джибути порту аркылуу өтөт. Порттон 10 км аралыкта жаӊы Дорале порту курулууда (2004-жылдан). 13 аэропорт, Джибути шаарында эл аралык аэропорт бар. Импортунун товардык наркы (987 млн доллар; 2004) адатта экспорттун наркынан (250 млн доллар) ашат. Негизги экспорттолчу товарлары: булгаары ж-а тери, кофе (транзиттик), реэкспорттук операциялар. Экспорт боюнча негизги соода шериктештери: Сомали (наркынын 53%), Йемен (23%), Эфиопия (5%). Транспорт жабдуулары, азык-түлүк, нефть продуктулары, химикаттар, дары-дармек, өнөр жай буюмдары негизинен Франциядан (13%), Эфиопиядан (12%), Италиядан (9%), ошондой эле Индия, Кытай, Сауд Арабиясы ж. б. өлкөлөрдөн сатылып алынат.
Маданияты. Билим берүү тармагында акысыз ж-а сөзсүз түрдө 6 жылдык баштапкы билим берүү киргизилген, бирок көпчүлүк окуучулар үчүн ал Куранды окуп-үйрөнүү м-н чектелет. Баштапкы билим берүүчү мектептер мамлекеттик ж-а Рим-католик чиркөөсүнүн жетегинде. Орто мектептерде окутуу мөөнөтү 7 жыл. Калктын жалпы сабаттуулугу (15 жаштан жогору) 68,6%ти түзөт (2004). Жогорку билимге ээ болууну каалагандар Джибути университетинен билим алышат (2006).
Адабияты негизинен француз тилинде калыптанган. Джибути жазуучу-акындарынын көркөм чыгармаларында негизинен өлкөдөгү кырдаалды чагылдырган социалдык-саясий, анын ичинде африка салт-санааларынын сакталышы тууралуу маселелер камтылган. Драматургдар И. А. Абди, А. М. Робле, акындар Ш. Ватта, И. Й. Эльми ж. б-дын чыгармалары калк кадырлап, сүйүп окуган чыгармалардан. Айрыкча, А. Ваберинин «Көлөкөсүз өлкө» (1994) аӊгемелер жыйнагын, «Транзит» романын (2003) белгилеп кетсе болот. Музыка өнөрүндө жергиликтүү калктын – афар, сомалийликтер ж-а арабдардын салттуу өнөрү таасын байкалат. Алардын ичинен афар ырчысы – Шейх Ахмад көпчүлүккө таанымал. Шаарларда болсо батыш музыкасынын таасири өтө чоӊ. Апталык «La Nation de Djibouti» гезити ж. б. басылмалар чыгып турат. 1978-жылы Джибути маалымат агентчилиги түзүлгөн. 1956-жылы өкмөттүк радиоберүү ж-а телекөрсөтүү кызматы негизделген. Берүүлөр француз, араб, афар, сомали тилдеринде уюштурулуп, Джибути шаарында ж-а анын тегерегинде гана уктурулат. Жеке менчик радио, телекомпаниялар жок. АКШ тарабынан каржыланган «Radio Sawa» Джибути шаарындагы станциядан Чыгыш Африкага араб тилинде уктурууларды таратат.
Ад.: Джибути // БРЭ, т. 8. М., 2007.