ДИАПАЗОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИАПАЗО́Н [грекче diā pason (chordon) – бардыгы (кылдар) аркылуу] – 1) м у з ы к а д а – ырдоого ылайык ырчы үнүнүн, музыкалык аспаптын жана башкалардын добуштук өлчөмү (эӊ төмөнкү жана жогорку добуштардын аралыгы менен өлчөнөт.); 2) кандайдыр бир чоӊдуктун өзгөрүүчү бөлүгү, мисалы, радио кабылдагычтын жыштык (толкун узундугу) Диапазонду өлчөгүч жабдыктын өлчөө Диапазону; 3) өтмө мааниде – билимдүүлүктүн, жөндөмдүүлүктүн өлчөмү.