ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР – мектеп жашы­на чейинки жана кенже окуучулар үчүн таалим­ тарбия берүүгө багытталган ийкемдүү оюндар. Дидактикалык оюндар окуучулардын сезимталдыгын, байкагыч­тыгын, көңүл буруусун, аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, сүйлөө речин, айлана-чөйрөгө болгон элес­тетүүсүн (көлөмгө, өң-түскө, буюмдардын жай­гашышына болгон) өстүрөт. Адеп-ахлактык тарбияда да мааниси чоң, анткени окуучулар­дагы чыдамкайлыктын, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнүн, коллективизм сезими­нин өсүүсүнө таасир берүү менен, жүрүм-турум нор­маларына ылайык өзүн алып жүрүү адаттарын калыптандырат. Мында атайын жасалган оюн­чуктар колдонулат (лото, сүрөт, кубик ж. б.). Ошондой эле сөз менен ойнолгон оюндар (мисалы, табышмактар, үндөрдү тууроо, тил жатыктыруучу оюндар ж. б.) да болот. Дидактикалык оюндарда турмушта колдонулган ар кандай буюмдарды жана жаратылыш мате­риалдарын да (топчу, таш ж. б.) колдонууга бо­лот. Дидактикалык оюндар өзгөчө бала бакчада окутуунун эң маа­нилүү каражаты болуп эсептелет жана балдар­дын ар кандай курактагы топторуна карата түзүлгөн программа боюнча өтүлөт.

М.Усупова.