ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР
ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР – тарбиялоонун жалпы максаттарына жана окутуу процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ылайык мектептин окуу ишинин мазмунун, уюштуруу формаларын жана ыкмаларын аныктоочу алгачкы жоболор. Демек, окутуу принциптери бул сабакты (окутуу процессин) даярдап өткөрүүгө коюлуучу талаптарды туюнта турган алгачкы дидактикалык жоболор болуп саналат. Дидактикада окутуунун төмөнкү принциптери иштелип чыккан: билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүп-өстүрүү маселелерин комплекстүү ишке ашыруу. Окутуу менен тарбиялоонун биримдүүлүк мыйзамына ылайык окутууда тарбия дайыма камтылат, башкача айтканда окутуу процессинде окуучулар билим алуу менен бирге керектүү сапаттарга да тарбияланышат. Окуу процессинде окуучунун турмушка жана билимге болгон мамилеси, ар нерсеге жөндөмдүүлүгү, адеп-ахлактык сезими калыптанат, акылы өсөт, башкача айтканда окутуу менен бирге тарбия да болот. Тарбиялык таасир окутуунун ажырагыс жандоочусу болуп эсептелет. Мындай окутуу окуучуларга дайыма бирдей тарбиялык таасир берет, анда мугалимдин атайын жасаган аракеттери маанилүү. Анын идеялык багыты ж-а окуучуларга тийгизе турган таасиринин күчү төрт фактор (окутулуучу билимдердин мазмуну, окутуу ыкмалары, сабакты уюштуруу формалары ж-а мугалимдин инсан катары таасири) менен аныкталат. Окутуунун натыйжасында окуучулар билим алышат, билгичтикке үйрөнүшөт, аларда илимий көз караштын негиздери калыптанат жана алардын таанып-билүү жөндөмү өсөт. Мунун бардыгы окуучуларда коомдук жүрүш-туруштун нормаларынын жана адеп-ахлактык идеялардын калыптанышынын негизин түзөт. Демек, окуу процессинин өзүндө окуучуну коомдук социалдык нормаларга тарбиялоо да ишке ашырылат.