ДИДРО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИДРО́ Дени (5. 10. 1713, Лангр – 31. 7. 1784, Париж) – француз жазуучусу, философ-агар­туучу, XVIII кылымдагы Петербург Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү (1773). 1732-жылы искусство магистри деген наам алган. «Энциклопедия же илимдердин, ис­кусствонун жана кол өнөрчүлүктүн түшүндүрмө сөздүгүнүн» негиздөөчүсү жана редактору. Анын философиялык алгачкы чыгармалары деизм духунда жазылган.

Д. Дидро. Л. М. Ван­лоо тарткан портрет. 1767. Лувр. Париж.

«Табиятты түшүндүрүү жөнүндө ой­лор» (1754), «д’Аламбердин Дидро менен сүй­лөшкөнү», «д’Аламбердин түшү» (1769), «Мате­риянын жана кыймылдын философиялык прин­циптери» (1770) жана башка философиялык чыгармаларында Дидро материалисттик идеяны жактаган. Дидро «Салондор» жана башка эмгектеринде классицизм өкүлдөрүн сындап, буржуазиялык турмуштун абалын так көрсөткөн. Ай­рым пьесаларында жакшылык менен жамандык­тын татаал диалектикасы көрсөтүлөт. XVIII кылымдагы реализмдин эң жогорку баскычы саналган Дидронун прозасы клерикализмге каршы жазыл­ган «Кечил аял» жана «Рамонун жээни» роман­дарынан турат. Бул романдар XVIII кылымдын чегинен чыгып, XIX кылымдагы реалисттик романга жакын­даган. Дидро агартуу ишине да чоң маани берген.