ДИЕН СИНТЕЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИЕ́Н СИНТЕЗИ , Д и л ь с-А л ь д е р р е а к­ц и я с ы – молекуладагы кош байланыштары жанаша турган СО, СООН, CN, NO2 топторунун таасиринде активдүү касиетке ээ каныкпаган бирикмелер диен углеводороддорун кошуп алып, алты мүчөлүү циклдүү бирикмелерди пайда кы­луу реакциясы. Диен синтезинде 1,3-диендер м-н этилен катарындагы углеводороддордун ортосундагы реакциялар жай жүрөт ж-а продуктунун чыгы­шы анчейин көп болбойт. Эгерде этилен углево­дороддору терс индукциялык эффектиге ээ болгон атом топтору м-н активдештирилген болсо, реакция алда канча тез жүрөт ж-а реагенттер­дин бардыгы реакцияга калдыксыз кирет. Мын­дай диенофилдерге, акролеин, кротон альдеги­ди, акрилонитрил, малеин ангидрид ж. б. тие­шелүү. Диенофилдер катары нитробирикмелер, азобирикмелер ж. б. да колдонулат. Диендер­дин кызматын бутадиен, гетерциклдүү бирик­мелер, мисалы, фуран да аткарат. Диен синтезин 1928-жылы немис химиктери О. Дильс ж-а К. Альдер ач­кан. Диен синтези органикалык синтезде, анын ичинде стероиддерди, дары­ларды ж. б. синтездөөдө кеңири колдонулат.