ДИЕН УГЛЕВОДОРОДДОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИЕ́Н УГЛЕВОДОРОДДОРУ , а л к а д и е н­ д е р – бир эле молекулада эки кош байланы­шы бар чексиз углеводороддор. Чектүү углево­дороддорго салыштырганда алардын молекула­сында 4 суутек атому кем болуп, жалпы фор­муласы – CnH2n–2. Молекулаларда кош байла­ныштардын жайгашышына жараша үчкө бөлүнөт. 1. Кош байланыштары катарлаш жай­гашкан Диен углеводороддорунда эки кош байланыш бир көмүр­тек атомунда жайгашат, мисалы, аллендер CH2= =C=CH2. 2. Кош байланыштар бир жөнөкөй байланыш м-н кезектешип жайгашкан, мисалы, дивинил CH2=CН–СН=CH2. 3. Кош байланыш­тар бир нече жөнөкөй байланыштар м-н ажы­ратылган, мисалы, пентадиен CH2=CН–СН2–СН= =CH2. Булар эки кош байланышы болгондук­тан, кошулуу реакциясына кирет. Эгерде 1,3-бутадиенге бромдун молекуласын таасир этсе, алар 1- ж-а 2-көмүртек атомуна кошулбастан, 1- ж-а 4-көмүртек атомдоруна кошулуп, 2- ж-а 3-көмүртек атомдорунун ортосунда жаңы кош байланыш пайда болот: CH2=CH–CH=CH2+Br2→ →CH2Br–CH=CH–CH2Br. Диен углеводороддору оңой полимерле­нип, ири молекулалуу бирикмелерди пайда кы­лат. Алар алкандарды же алкендерди катали­затордун катышуусунда дегидрлөөдөн алынат. Өнөр жайда негизинен синтездик каучуктарды, ча­йырларды, полиамид булаларын, лактарды, боёкторду, дары-дармектерди ж. б. алууда кол­донулат.