ДИЕТОЛОГИЯ
ДИЕТОЛО́ГИЯ (диета ж-а ...логия), д и е т е т и к а – оорулуу адамды мүнөздөп тамактандыруу жөнүндөгү илим. Ал түрдүү ооруларга ылайык тамактануу принциптерин изилдейт. Мурда ден соолукту сактоо жөнүндөгү бардык илим (азыркы гигиена) диететика деп аталган. Диетология теориялык жактан мүнөздөп тамактандырууга негизделген. Оорулуунун тамактанышына адам коомунун бардык мезгилинде көңүл бурулган. Байыркы грек дарыгери Гиппократ оорунун түрдүү баскычында тамакты сан ж-а сапат жагынан туура пайдаланууну сунуш кылган. Рим дарыгери Асклепиад (б. з. ч. 128—56) фармакологиялык дарылоону жактырбай, шакирттери м-н бирдикте түрдүү ооруларды дарылоодо мүнөздүү тамак-ашты колдонуу көрсөтмөлөрүн иштеп чыккан. Оорулуу адамдын тамактанышына рим дарыгери Гален көп көңүл бурган. 18-кылымдын аягы, өзгөчө 19-кылымдын 2-жарымында Диетология өркүндөйт. Витаминдин ачылышы, оорулуунун тамагындагы минералдык заттар жөнүндө маселелердин чечилиши Диетологиянын илим катары өсүшүнө шарт түзгөн. Буга орус илимпоздору: И. М. Сеченов, А. А. Остроумов, А. И. Яроцкий, И. П. Павлов ж-а советтик илимпоздор: С. М. Рысс, М. М. Губергриц, Л. А. Черкес, Д. Б. Маршалкович, О. П. Молчанова ж. б. чоң салым кошкон. Дарылоодо Диетологиянын жетишкендиктерин так ж-а туура колдонуу үчүн санаторийлерде, дарылоо мекемелеринде диетолог врач, диета сестралары бар.
Ад.: Лечебное питание / Под ред. И. С. Савощенко. М., 1971.