ДИЗЕЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ
ДИ́ЗЕЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ – кысылуудан от алуучу ичинен күймө кыймылдаткыч. Поршень м-н кысуунун натыйжасында жогорку температурага чейин ысытылган абага күйүүчү май чачыратылып, ал цилиндрдин ичинде тутанып күйөт.

1897-жылы кысуудан тутануучу биринчи кыймылдаткычты жасаган немис инженери Р. Дизелдин ысмынан аталган. Дизель кыймылдаткыч күйүү камерасынын конструкциясына жараша: туташ, куюндуу ж-а кош камералуу болуп бөлүнөт. Т у т а ш камералуу Дизель кыймылдаткычта күйүүчү аралашма камеранын бардык жерине бирдей чачыратылат. К у ю н д у у камералуу Дизель кыймылдаткычта күйүүчү май кысуу процес-
синде камерага куюндап, тез айланып кирген аба агымына чачыратылат. К о ш камералуу Дизель кыймылдаткычта негизги камеранын алдында жайгашкан камерада, адегенде аба м-н күйүүчү майдын аралашмасынын басымы жогорулатылып, алгач күйө баштагандан кийин негизги камерага берилет. Камерасы поршендин ичинде жайгашкан күйүүчү май камеранын капталына берилип, анын буусу куюндаган абанын жардамы аркылуу жакшы аралашат. Дизель кыймылдаткыч абдан үнөмдүү жылуулук кыймылдаткычына кирет. Трактор м-н автомобилдин көбү, теплоход ж-а тепловоздор, аскер техникалары – танк, сүйрөгүчтөр ж. б. Дизель кыймылдаткыч кыймылдаткычы м-н жүрөт. Дизель кыймылдаткыч орнотмо ж-а көчмө энергия курулмасы катары да пайдаланылат, ошондой эле Дизель кыймылдаткыч циклинде иштөөчү газ кыймылдаткычтары да бар.