ДИЗЕЛЬ ОТУНУ
ДИ́ЗЕЛЬ ОТУНУ – нефтинин дизель кыймылдаткычтар күйүүчү май катары колдонулуучу бир кыйла оор фракциясы. Дизель отуну кысуу учурунда өзүнөн-өзү от алып кетүүгө ылайыктуу көмүртектин 12–16 атомунан түзүлгөн углеводороддун аралашмасынан турат. Алар 200дөн 360°Сге чейинки температурада кайнайт. Дизель отунунун сапаты цетан саны – углеводород-алкан (көмүртектин 16 атому) м-н каныккан цетанга салыштырмалуу от алып күйүү ченеми боюнча мүнөздөлөт. Дизель отунунун автомобилдер үчүн цетандык саны цетанга туура келүүчү белгинин 40–50%ин түзөт. Дизель отуну эки түргө бөлүнөт: дистиляттык аз илээшкектүү, айлануу жыштыгы 800 мин–1 ж-а андан көп же тез айлануучу кыймылдаткыч үчүн; өтө илээшкектүү калдыктуу (мотордуу) жай айлануучу кыймылдаткыч үчүн. Дистилляттык отундун ар кандай климаттык зоналар үчүн бири-биринен тоңуу температурасы ж-а фракциялык курамы боюнча айырмаланган арктикалык, кышкы ж-а жайкы сорттору; ошондой эле күйүүчү май даярдоочу системасы (ысытуу, тундуруу, сепарациялоо) бар ж-а мындай системасы жок дизелдер үчүн арналган 2 түрү болот.