ДИЗЕЛЬ ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИ́ЗЕЛЬ ЭЛЕ́КТР СТАНЦИЯСЫдизель кый­мылдаткычтары аркылуу айландырылуучу бир же бир нече генератор м-н жабдылган энергети­калык курулма. Дизель электр станциясы туруктуу ж-а көчмө болуп бөлүнөт. Туруктуу Дизель электр станциясына кубаттуулу­гу 110–2200 кВт ж-а андан көп болгон төрт так­тылуу (кээде эки тактылуу) дизель кыймылдат­кычтары орнотулуп, негизинен синхрондук ге­нераторлор м-н жабдылат. Мындай станциялар электр тармактарынан алыс суу ж-а жылуулук станцияларын курууга мүмкүндүк жок жерлер­де пайдаланылат. Көчмө Дизель электр станциясы айыл чарба, токой, өнөр жай ж-а геологиялык чалгындоо экспедиция­сында негизги (же авариялык) ток булагы, ал эми транспортто негизги энергетикалык курул­ма катары колдонулат. Дизель электр станциясынын артыкчы­лыгы – үнөмдүү, туруктуу иштейт, бат ж-а же­ңил от алат; кемчилиги–капиталдык ремонтко чейинки иштөө мөөнөтү аз.