ДИКЕК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү

ДИКЕК – ичи ичтелип, сырты кооздолуп жасалган жылуу ат жабуу. Өрмөкчүлүк («терме», «беш кеште», «кажары») ыкмасы менен көркөмдөлүп согулган таардын ич жагына кийиз ичтелип, саймаланат жана чети түймө менен чачыкталат. Анын жиби ичке ийрилет да, көбүнчө «бычак учу», «тумарча», «жарым ийрек» өңдүү көчөттөр түшүрүлөт. Кээ бир аймактарда «шырдак» тердик жабылат.