ДИКСОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИ́КСОН – Кара (Карск) деңизиндеги арал. Енисей булуңунда. Материктен 1,5 км обочо жайгашкан, Краснояр крайында. Аянты 25 км2дей. Бийиктиги 50 мге чейин. Гидрометеорологиялык станция 1916-жылдан иштейт; анын базасында 1930- жылдарда арктикалык радиометеорологиялык борбор ж-а геофизикалык обсерватория курулган. Аралдагы Диксон шаарчасы (теңи материкте жайгашкан) – Түндүк деңиз жолундагы маанилүү порттордун
бири. Аэропорт бар. Орус поморлору 17-кылымдын башында ачкан. 1878-жылы саякатчы А. Норденшельд өзүнүн экспедициясын каражаттаган швед көпөсү Диксондун ысмынан атаган.