ДИКТАНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИКТА́НТ , ж а т ж а з у у – окуучуларды ада­бий тилдин жазуу түрүнө үйрөтүү үчүн эреже катары пайдаланылган көнүгүүлөр тиби; көбүн­чө орфографияны ж-а пунктуацияны окутууда окуучуларды сабаттуу жазууга жатыктыруу, билимин текшерүү ж-а бекемдөө үчүн колдону­луучу жазуу иштеринин бир түрү. Диктант үн чыга­рып окуудан ж-а аларды окуучулардын көчүрүп жазуусунан турат. Окулуп жаткан тексттин жазылышына карай Диктант түр өзгөртүүчү, танда­лып алынуучу, чыгармачылык, эркин болуп бөлүнөт. Милдети боюнча үйрөтүүчү, эскертмелүү, коммен­тарийлөөчү түшүндүрүүчү сөздүк ж-а текшерүүчү Диктант болуп бөлүнөт. Диктанттын түрүн тандап алуу тил­дик материалдарды изилдөөдөгү өзгөчөлүктөргө жараша аныкталат. Диктанттын атайын түрлөрү баш­ка окуу предметтерин (мисалы, чет тилде, матема­тика, география, тарых, музыкалык мектепте сольфед­жио) окутууда да колдонулат.