ДИКТАТОР
ДИКТА́ТОР (лат. dictator, dicto – бийлеймин, буйрамын) – 1) байыркы Италиянын, бир катар латын шаарларынын жыл сайын шайлануучу чексиз укуктуу башкаруучусу, ошондой эле Латын союзунун башчысы; 2) Байыркы Римде республика мезгилинде (б. з. ч. 5-кылым–1-кылымдын 2-жарымы) коркунуч туулуп (согуш, ички башаламандык), бийликти бир адамга берүү зарылдыгы пайда болгондо, сенаттын чечими боюнча консулдар 6 айлык мөөнөткө дайындаган адам (магистрат). Мамлекеттеги бардык бийлик Диктатордун колунда болгон. Диктаторду дайындаганда, титулуна анын шайланышынын себеби көрсөтүлгөн (мисалы, согуш коркунучу туулганда дайындалган Диктатор – согуш жүргүзүүчү Диктатор). Б. з. ч. 4-кылымга чейин элдик чогулушка Диктатордун өкүмүнө каршы даттанууга тыюу салынган. Диктатор бардык кызмат адамын, ошондой эле консулду да башкарган. Адегенде Диктаторлукка патрицийлер гана, б. з. ч. 356-жылдан плебейлер да дайындалган. Сулла ж-а Цезардын тушунда чексиз мөөнөткө дайындалып, Диктаторлук кызмат монархиялык мүнөз алган. Аны б. з. ч. 44-жылы Антоний Марк жойгон.
'