ДИКТАТУРА
ДИКТАТУ́РА (лат. dictatura – чексиз бийлик) – чектелбеген бийликти демократияга жат ыкмалар м-н ишке ашыруу системасын мүнөздөөчү түшүнүк. 1) Байыркы Римде – атайын ыйгарылган укук, бийлик же диктатор бийлеген мезгил; 2) бир кишинин, анчалык чоң эмес топтун же уюмдун чексиз бийлигин мүнөздөөчү саясий режим. Диктатуранын тарыхый түрлөрү: тирания, азия деспотизми, цезаризм, пролетариат диктатурасы, фашизм, авторитаризм, тоталитаризм ж. б. Булардын баары эч чектелбеген ж-а эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөгөн, бир колго топтоштурулган, эң эле аз даражада легитимдешкен бийлик м-н, адамдардын укуксуздугу м-н, социалдык көзөмөл көп учурда репрессиялык формалардын ж-а ыкмалардын колдонушу м-н мүнөздөлөт. 20-кылымда Диктатуранын эки түрү – авторитаризм м-н тоталитаризм болгону белгилүү. Диктатордук режимдин орнотулушу тарыхый жактан алганда саясий күрөштөр кескин күчөгөн, социалдык-экономикалык кризистер өтө курчуган, башкаруучу режимдин социалдык базасы тарыган же бийликке күч менен келген мезгилдерге туура келет. Ал өлкөлөргө өнүккөн жарандык коомдун жоктугу мүнөздүү (мисалы, Испаниядагы Франко Диктатурасы, фашисттик Германиядагы фашисттик Диктатура). Укук теориясында Диктатура демократиялык бийликтин альтернативасы делет. Диктатура түшүнүгү марксизмде өзгөчө аныктамага ээ болгон. Ал боюнча, ар кандай мамлекет белгилүү таптын Диктатурасы болот, үстөмдүк кылуучу тап өз бийлигин мамлекеттик аппараттын күчү м-н ишке ашырат. Буржуазиялык коомдо мамлекеттер ар түрдүү болгону м-н сөзсүз буржуазиянын Диктатурасы болуп эсептелет. Капитализмден социализмге өтүүдө пролетариат диктатурасы, башкача айтканда эзүүчү азчылыктын үстүнөн эмгекчил көпчүлүктүн Диктатурасы зарыл, ал социализмди куруунун куралы болот дешкен.