ДИКТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИ́КТОР (латынча dictor – сүйлөп жаткан) – ра­диоуктуруу менен телекөрсөтүү студиясында (те­лекамеранын алдында) коомдук-саясий, илимий, көркөм адабий, музыка жана башка жаңылыктардын жана кабарлардын текстин көркөмдөп окуп бере турган атайын кызматкер. Алар алдын ала даяр тексти окуп берүү менен гана чектелбестен, ар кан­дай берүүлөрдү да даярдашат, алып барат. Ал­гачкы кыргыз дикторлору: К. Алиев, С. Жуну­шалиева, Б. Акматов, Е. Антипова, З. Мамбе­талиева, Г. Норузбаева, А. Ниязов, Т. Жаманбаева жана башкалар болгон.