ДИКТОФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИКТОФО́Н (латынча dicto – сүйлөп берем, phōne – үн, сөз) – сүйлөгөн сөздү магнит тасмасына түшүрүп алып, аны кагазга жазуу үчүн кайра угузуучу атайын аппарат; магнитофондун бир түрү. Диктофон лекцияны, аңгемелешүүнү, чогулуш жана кеңешмелерде сүйлөнгөн сөздөрдү, телефон менен жана диспетчердик сүйлөшүүлөрдү жазып алууда колдонулат. Тынымсыз түрдө жазып алуу мүмкүнчүлүгү бир нече минуттан бир нече саат­ка чейин болот. Диктофон көтөрүп жүрмө (порта­тивдик) жана орнотулма болуп айырмаланат. Магнитофонго караганда Диктофондун жыштык өткө­рүү тилкеси кууш (300–4500 гц) болгондуктан, үн жай жазылат. Жаңы жазуу жазылганда, мурдагысы өзү эле өчөт. Диктофондо тасманы эки ба­гытта жылдырып, кайра түрүү ылдамдыгы тез­детилген.