ДИЛБАЯН
ДИЛБАЯН , с о ч и н е н и е – автор өз оюн чыгармачылык м-н жазуу жүзүндө ишке ашыруу иши; мектеп программасында колдонулуп келе жаткан жазуу ишинин бир түрү. Ошондой эле ал кабыл алууда билимди баалоонун башкы сынамы катары да кызмат кылат. Дилбаян жазуу илим да, өнөр да болуп саналат. Дилбаянда ошол чыгарманы жазган автордун пикири, ички сезимдери, ой толгоолору чыгармачылык м-н кагазга түшүрүлөт. Дилбаян жазуу – текст түзүп, сөздү өстүрүү үчүн аткарылган окуу ишмердиги, ошондой эле автордун ички дүйнөсүн, турмуштук көз карашын калыптоочу тарбиялоо каражаты ж-а эстетикалык табитти, адабий-коомдук түшүнүктү өстүрүү түрү болуп саналат. Дилбаяндын тематикалык, жанрдык, стилдик жактары чексиз. Тематикасына карай Дилбаян экиге бөлүнөт: 1) адабий-чыгармачылык Дилбаянда программада өтүлгөн теманын негизинде окуучулар өз ойлорун кагазга түшүрөт; 2) эркин темадагы Дилбаян атайын өтүлбөгөн, өз алдынча окулган чыгармалардын же көргөн фильм, спектакль, сүрөттөрдүн, интернет материалдарынын, турмуштан алган таасирлеринин негизинде жазылат. Айрым окумуштуулар Дилбаянды козгогон маселесинин түрү боюнча үчкө (мүнөздөмө, адабий-сын, «эркин» темадагы) бөлүшөт. Дилбаянда текст тиби үч түрдүү болот: а) баяндоо; б) сүрөттөө; в) ой жүгүртүү. Дилбаян жанрлар боюнча да бөлүнөт (көркөм, публицистикалык, илимий, адабий, репортаж, рецензия, портреттик очерк, салыштырма мүнөздөмө, аннотация, аңгеме, фельетон ж. б.), кээде ар түрдүү жанрлар аралашып, андагы бир эле каармандын образын талдоодо Дилбаяндын автору мүнөздөмөнү, портретти, адабий сынды ж. б. колдоно билиши анын окумдуулугун арттырат. Дилбаян кара сөз, ыр, драма түрүндө жазылат, кыргыз мектептеринде көбүнчө кара сөз түрүндөгүсү кездешет. Стилине карай көркөм, публицистикалык, илимий стилдерде жазылышы мүмкүн, көп учурда бул үчөөнүн ширелишип, бири-бирин толуктап турганын да көрөбүз. Бир эле Дилбаяндын ичинде көркөм адабий чыгарма, илимдин тили м-н бул же тигил көрүнүштү түшүндүрүү, коомдук актуалдуу меселелерди көтөрүп чыгуу да кездешет. Анда окуучу же автордун программалык материалдарды өздөштүрүү деңгээли, түшүнүгү, кабылдоо табити, логикалык ой жүгүртүүсү, көз карашы, стили, орфографиялык ж-а пунктуациялык сабаттуулугу айкын көрүнөт. Дилбаян аркылуу адам өзүн өзү чагылтат, ички дүйнөсүн ачат. Кыргыз адабиятын окутуу тарыхында Дилбаянды Б. Алымов («Жогорку класстарда жазуу жумуштарын жүргүзүүнүн айрым маселелери», 1968; «Мектеп сочинениеси», 1982), А. Муратов («Сочинение кандайча жазылат?», 1992), С. Рысбаев («Окуучунун дилбаяны») изилдеген.
А. Муратов.