ДИЛЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИ́ЛЕР (англ. dealer – биржалык маклер) – товарларды‚ баалуу кагаздарды‚ валюталарды сатуу-сатып алуу операцияларында ортомчулук кылган юридикалык жак же жеке адам. Дилер – фондулук биржанын мүчөсү. Дилер‚ эреже катары‚ өз атынан ж-а өз эсебинен операцияларды жасайт. Дилер кирешелери ал сатып алган товардын‚ валютанын‚ баалуу кагаздардын бааларынын ж-а алар сатылуучу баалардын ортосундагы айырманын, ошондой эле валюталардын ж-а баалуу кагаздардын курсунун өзгөрүшүнүн эсебинен түзүлөт.