ДИМЕТИЛАНИЛИН
ДИМЕТИЛАНИЛИ́Н , С6Н5N(CH3)2 – үчүнчүлүк майлуу ароматтык амин. Өзүнө мүнөздүү жыты бар, май сыяктуу түссүз суюктук; кайноо t – 192,5°С; көпчүлүк органикалык эриткичтер м-н аралашат; сууда эригичтиги 1–1,4% (12°Сде) Диметиланилин анилинди күкүрт кислотасынын катышуусу м-н метил спирти м-н автоклавда ысытуу же анилин м-н метанолдун буу аралашмасын катализатордун үстүнөн өткөрүү жолу м-н алынат. Башка майлуу ароматтык аминдер сыяктуу, экинчилик ж-а үчүнчүлүк таза ароматтык аминдерге караганда, өтө күчтүү негиздик касиетке ээ. Диметиланилин молекуласындагы – N(СН3)2 тобуна карата п-абалында жайгашкан суутек атому кыймылдуу келип, орун алмашуу реакцияларына кирет. Ал эми эки молекула Диметиланилин фосген м-н болгон реакциясында фосгендин молекуласындагы эки хлор атомунун суутектин атомдору м-н орун алмашуусунан Михлер кетону пайда болот: ал түссүз кристаллдык зат, кээ бир боёкторду синтездөөдө колдонулат. Диметиланилин жарылгыч ж-а фотографияда колдонулуучу өңүнө чыгаргыч заттарды алууда пайдаланылат.