ДИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИ́НА Нурпейисова (1861, Казакстан, Жаңы­кала району – 31. 1. 1955, Алматы) – домбрачы, күүчү, композитор, казак маданиятынын көрүнүктүү ишмери, Казак эл артисти (1944). Дина 8–9 жашында домбра чертүүнү үйрөнгөн. Курмангазы менен жо­лугушуусу (1870) чыгармачылык жолунда чечүүчү роль ойногон. Курмангазы Динанын талантына көңүлү толуп, ага чоң үмүт артат, өзүнө шакирт кы­лып алат. Дина устатынан күүчүлүк-аткаруучулук өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин өздөштүрүп, мектебинен өтүү Динанын домб­рачылык өнөрүн өргө көтөрөт. Ал өзү да күү чы­гара баштайт. Динанын алгачкы «Булбул», «Бай­жума», «Көгөнтүп» аттуу күүлөрүндө элдин күүчүлүк салты ачык-айкын сезилет. Динанын чыгармачылыгы­нын такшалышы, күүчүлүк,­ аткаруучулук өнөрүнүн өр­күндөшү совет дооруна туш келди.


1937-жылы Элдик өнөр­поздордун республикалык кароосунда 1-байгеге ээ болгон, 1939-жылы Москвада өткөн элдик му­зыка аспаптарында атка­руучулардын бүткүл союздук кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбы­лы» аталган. Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыр­гактуу «Булбулу» менен «Асем коңуру» – жагым­дуу үн, терең мазмун менен жаңы багыттагы казак күүлөрүнө негиз салган чоң табылга. Күүчү мез­гил чындыгын чыгармаларында бийик чабыт, толкундатуучу сезим менен күүгө салды («Жеңиш», «Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», «Эмгек баатыры» жана башкалар). Курмангазынын, Дав­леткерейдин, Түркештин салтын өнүктүрүп, өз мезгилиндеги казак күүчүлүк өнөрүн жаңы би­йиктикке көтөрдү. Анын чыгармачылыгы, чеберчили­ги тууралуу А. Жубанов, Г. Бисенова, Ж. Рсал­дин жана башка изилдөөчүлөр жазды. С. Бакбергенов­дун «Кайран энем» (1963) романы, башка көптө­гөн эмгектер жаралды. Динанын аты музыкалык мектеп­терге, шаар көчөлөрүнө коюлган. 1996-жылдан жыл сайын домбрачы жаш өспүрүм кыздар ара­сында Дина атындагы «Булбул домбра» аттуу республикалык ка­роо өткөрүлөт. Дина эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Казактардын музыкалык маданияты. А.-А., 1957; Жубанов А. Гасырлар пернеси (Кылымдар кы­лы). А.-А., 1975; Ахметова М., Ерзакович Б., Жуба­нов А. Советтик Казакстандын музыкасы. А.-А., 1975.

Ч. Жумагулов.