ДИНАМИКА (искусстводо)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ДИНАМИКА барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНА́МИКА 1) к ө р к ө м и с к у с с т в о д о – кыймылды, мезгилдик өзгөрүүлөрдү, ички ку­батты сырттан көрсөтүү. Көркөм и с к у с с т в о д о статикалык башталыштары, тең салмактуулук­тун туруктуулугу жана тектоника тигил же бул өлчөмдө Динамика менен, башкача айтканда кыймылдын башталышы, ыргак, кубат, толкуу менен айкалышат. Убакты­луу, Динамикалык көркөм искусстводон айырмаланып алар көз менен көрүп, кулак менен уккан образ жана формалардын чыныгы кыймылын өз ичине кам­тыйт, пластикалык көркөм искусстводо чыныгы кыймыл жок. Бирок алардын образын кабыл­доо – мезгил ичинде болот, ошондуктан плас­тикалык көркөм искусство кыймылсыз болсо да, аларды кабыл алууда Динамика көз менен көрүп, кулак менен уккан образ жана формалардын чыныгы кый­мылын өз ичине камтыйт. Мейкиндик форма­ларынын пропорциялары менен бөлүнүштөрү, ком­позициянын туруктуулугу же туруксуздугу, живопистеги ар сүртүмдөрдүн мүнөзү – мына ушунун баары белгилүү бир ыргакты түзөт жана ал мезгил менен кабыл алынат. Ал эми мейкин­диктеги орун которуунун тездигин көрсөтүүдө, көркөм форма элементтеринин кыймылдуулук таасирин түзүүдө Динамика ушул ыргакты тездетет жана акырындатат. Көркөм искусствонун тарыхында шайкештик менен кыймылсыз тынчтык (байыркы грек классикасы, роман стили, классицизм кайра жаралуусу) көбүрөөк орун алган доорлор менен стилдер Динамиканын өсүшү (эллинизм, готика, ба­рокко) менен алмашат. Динамикалык ыргактар үстөмдүк кылган багыттарга экспрессионизм, футуризм кирет; 2) м у з ы к а д а – добуш күчүнүн жого­рулашына же басаңдашына байланыштуу ку­булуштардын жыйындысы. Динамика үндүн ар кандай баскычындагы күчүн, анын тез жана жай алма­шышын, үндүн өзүнчө өзгөчөлөнүшүн көрсөтөт. Негизги түрлөрү: piano (р) – акырын, кыбыл­жыган жана forte (f) – катуу, бийик. Булардын туундулары: mezzo piano (mp) – орточо акырын, mezzo forte (mf) – орточо катуураак; pianissimo (pp) – өтө акырын, fortissimo (ff) – өтө катуу жана башкалар. Үндүн акырындап катуулашы – crescendo (графикалык белгилениши <), акырындап ба­саңдашы – diminuendo (>) аркылуу белгиле­нет. Динамиканын белгилерине акценттин түрлөрү да кирет, к. Акцент.