ДИНАМОМЕТР
ДИНАМО́МЕТР (гр. denamis – күч ж-а ...метр) – күч ченегич; күчтү же моментти өлчөгүч курал. Ал күч звеносунан (серпилгич элементтен) ж-а саноочу түзүлүштөн турат. Динамометр иштөө принциби боюнча механикалык (пружиналуу же рычагдуу), гидравликалык ж-а электрдик; арналышына жараша үлгү ж-а жумушчу болуп бөлүнөт. Үлгү Динамометр иштөөчү Динамометрди текшерүүдө ж-а шкаласын градустарга бөлүүдө, түрдүү материалдар м-н буюмдардын механикалык касиеттерин сыноодо, ал эми иштөөчү Динамометр жалпы ж-а атайын максат үчүн колдонулат. Жалпы максаттагы Динамометр м-н трактор, сүйрөгүч, локомотив ж. б-дын тартуу күчү өлчөнөт. Атайын максаттагы Динамометр аба ж-а гидравликалык винттердин тартуу күчүн, толгоо учурун, токтотуучу ж-а кесүүчү күчтөрдү өлчөөдө пайдаланылат. Күчтүн өлчөмүн жаза турган түзүлүшү бар Динамометр – динамограф, ал эми санды же көрсөткүч түзүлүшү бар Динамометр жумуш өлчөгүч деп аталат. Деформацияны электр сигналына өзгөртүүчү билдиргичтен ж-а сигналды күчөтүп жаза турган прибордон түзүлгөн электрдик Динамометр иш жүзүндө көп колдонулат. Медицинада Динамометр адамдын ар түрдүү булчуң күчтөрүн өлчөйт.