ДИНАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНА́Р (латынча denarius – денарий) – 1) aрабдар­дын байыркы алтын тыйыны. Динардын аталышы Римдин эски күмүш тыйыны – денарийдин атынан келип чыккан.

XIV кылымдагы динарлар (Бухара, Отрар).

Алгач VII кылымда чегилип, Чы­гыш мусулман элдеринде кеңири тараган. Сал­магы 2,4 г. IX–X кылымдарда бир Динар 15 дирхемге, XI кылым­дын башталышында 20, XI кылымдын 2-жарымын­да 45 дирхемге барабар болгон. 1035-жылы 8 кг буу­дай же 12 кг арпа бир Динарга сатылган. 1046-жылы түшүм мезгилинде бир Динарга 160 кг жүзүм кел­ген. Өтө кымбат китеп 100 Динар болгон. Эгерде жөнөкөй жылкы 20 дирхем болсо, жоокердин аты 300 Динар турган. 2) Азыркы Иордания, Иран, Ирак, Алжир, Кувейт, Тунис мамлекеттеринин акча бирдиги.