ДИНАСТИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИНА́СТИЯ (гр. dynasttia – бийлик, үстөмдүк) – мурас боюнча падышалык тактыны биринен бирине өткөрүп берүүчү бир уруудан же бир тукумдан чыккан монархтар. Мисалы, Россияда – Романовдор, Францияда – Бурбондор, Австрия- Венгрияда – Габсбургдар, Араб халифатындагы Аббасиддер ж. б. Учурда Бернадоттор (Швецияда), Виндзорлор (Улуу Британия), Бурбондор (Испанияда) Династиялары башкарып келет. Династиялык башкаруудагы мамлекеттерге Бельгия, Дания, Иордания, Кувейт, Лесото, Люксембург, Монако, Нидерланд, Норвегия, Сауд Арабиясы, Япония ж. б. кирет.