ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ
ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ , ч ж е н ш и – кытай тарыхый чыгармаларынын бир түрү. Династиялар тарыхы бийликтеги династия кулагандан кийин жаңы династиянын императорунун буйругу боюнча жазылган. Б. з. ч. 2-кылымдан 20-кылымдын 20-жылдарына чейин түзүлгөн чиси – Сыма Цяндын «Ши цзиси» («Тарых жазмалары») алардын бардыгына үлгү болгон. Династиялар тарыхы 4 бөлүмдөн турган. Биринчиси (бэньцзи же дицзи) – императорлордун укум-тукумуна ж-а иштерине арналган; экинчиси (наньбяо) хронологиялык таблицалар; үчүнчүсү – экономика, география, административдик түзүлүш, адабият, искусство ж. б. ар кандай маселелерге арналган өзүнчө трактаттар; төртүнчүсү – (лечжуань) таржымалдар. Династиялар тарыхында байыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу баалуу маалыматтар камтылган.