ДИНЛИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНЛИН , т и н г л и н г – финн-угорлорго караштуу байыркы уруу. Б. з. ч. 4–3-кылымдарда Динлиндер Саян-Алтай, Минуса ойдуңу ж-а Гоби чөлүнүн түндүгүн мекендешип, күч-кубатка ээ болгон мезгилинде Түндүк Кытайды басып алышып, Чжоу бийлигин курушкан деген маалыматтар бар. Б. з. ч. 201-жылы хунндардын чабуулуна байла­ныштуу батышка ооп, 49-жылы аларга багыныш­кан. Кээ бир белгилүү окумуштуулардын (мисалы, А. Н. Аристов, С. М. Абрамзон, С. П. Толстов ж. б.) пикиринде Динлиндер кыргыз элинин калып­танышына таасир тийгизген уруулардын бири болгон. В. В. Бартольд боюнча Динлиндер енисейлик ос­тяктардын (кеттер) байыркы ата-бабалары бо­лушу мүмкүн. Динлин тууралуу акыркы кабар моң­голдордун Саян-Алтайды басып алышы (12-кылым) м-н аяктайт.

Т. Жуманалиев.